БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта президенттиктен кетерин айткан.
Сүйлөшүү учурунда Жээнбеков Назарбаевдин Казакстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жасаган эмгегин өзгөчө белгиледи.
"Ал Нурсултан Назарбаев биздин замандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, реформатор, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан экенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Жээнбеков Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын стратегиялык өнөктөштүк жана жакшы коңшулаш бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү өзгөчө ролун баса белгилеген. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге бардык жакшылыктарды жана узун өмүр каалаган.