Эгемендүү Казакстанды сактагыла! Назарбаевдин отставкага кетишин жар салган видео

Нурсултан Назарбаев бүгүн, 19-мартта, отставкага кете турганын айтты.
Sputnik

Назарбаев республикалык телеканал аркылуу билдирүү жасап мамлекет башчылыгынан кете турганын айткан.

"Мен президенттик ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимин кабыл алдым", — деген Назарбаев.

Ал Казакстанды 1991-жылдан бери жетектеп келген. 2015-жылы бешинчи ирет президент болуп шайланган.

Казакстандын президентинин милдетин ким аткара турганы белгилүү болду
Бүгүн, 19-мартта, Казакстандын президенти үч жарлык жана бир нече токтомдорго кол койгон.

Ага ылайык, бир аз мурда кызматтан кеткен Казакстандын мурунку башкы прокурору Кайрат Кожамжаров сенаттын депутатты болуп шайланды. Ошондой эле президенттин администрациясынын башчысынын орун басарын дайындаган.

Казакстандын президентинин милдетин шайлоого чейин парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев аткарат.