Казакстандын президентинин милдетин ким аткара турганы белгилүү болду

Назарбаев бүгүн, 19-мартта, Казакстандын мамлекет башчылыгынан кете турганын жар салган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Казакстандын президентинин милдетин парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев аткармай болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

"Токаев Казакстанды башкарууга ишенип бере турган адам экенине ишенем", — деди Назарбаев.

Казакстандын Конституциясы боюнча президент мөөнөтүнөн мурда отставкага кетип же каза болгон учурда анын калган мөөнөтүн аткаруу парламент сенатынын төрагасына өтөт. Андан кийин гана шайлоо өткөрүлөт. Эгер сенаттын төрагасынын мүмкүнчүлүгү болбосо эл башкаруу укугу мажилистин төрагасына берилет. Эгер анын да мүмкүнчүлүгү жок болсо мамлекетти башкаруу укугу премьер-министрге тапшырылат.

Убактылуу милдетти аткаруу милдетин алган адам Конституцияны өзгөртө албайт.

Эскертке кетсек, президент Нурсултан Назарбаев бүгүн, 19-мартта, республикалык телеканал аркылуу билдирүү жасап, отставкага кете турганын жар салган.