Дүйнөдөгү эң кымбат жана эң арзан шаарлар аталды

Азиядагы шаарлар азык-түлүктүн баалары кымбат болгондуктан рейтингдин алдыңкы сабына чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Economist Intelligence Unit журналы түзгөн рейтингдин биринчи сабында Сингапур, Париж жана Гонконг турарын Bloomberg жазды.

Буга чейин беш жыл катары менен эң кымбат шаар катары Сингапур эсептелген.

Кыргызстанда эң көп айлык төлөнгөн жумуштар. Рейтинг
Маалыматка караганда, жогоруда аталган үч шаардагы жашоо жетинчи орунда турган Нью-Йорктон 7 пайызга кымбат. Лос-Анджелес өткөн жылга салыштырмалуу бир нече тепкичке жогорулап, 10-орунду Тель-Авив менен бөлүштү.

Алдыңкы ондукка Европадагы Цюрих, Женева жана Копенгаген, Япониянын Осака менен Түштүк Кореянын борбору Сеул шаары кирди. Басылмада белгиленгендей, Азиядагы шаарлар азык-түлүктүн баасы кымбат болгондуктан рейтингдин алдыңкы сабына чыккан.

Ал эми эң арзан шаар катары Венесуэланын борбору Каракас аталды. Жашоо бир аз кымбатыраак деп Дамаск, Ташкент, Алматы жана Бангалор шаарлары таанылган.