Чукул кабар! Казакстандын президенти Назарбаев отставкага кетти

Назарбаев республикалык телеканалдардын бирине чыгып элине кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти. Учурда эмне болуп жатат
Маалыматка караганда, Нурсултан Назарбаев республикалык телеканалдардын бирине чыгып элине кайрылган.

"Мен президенттик ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимин кабыл алдым", — деген Назарбаев.

Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан бери жетектеп келген. Ал 2015-жылы бешинчи ирет президент болуп шайланган.