НТС телеканалына жаңы жетекчи дайындалды

Миржан Балыбаев 13 жылдан бери аталган телеканалда иштеп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы ири ЖМКлардын бири НТС телеканалын Миржан Балыбаев жетектей турган болду. Бул маалыматты аталган телеканалдан билдиришти.

Аны эмгек жамааттын пикиринин негизинде дайындашкан.

Байкоочу кеңеш КТРК башчылыгына Жайнак Үсөн уулун эмнеге тандаганын айтты
Буга чейин социалдык тармакка НТСтин азыркы жана мурдагы кызматкерлери телеканалдын директорлугуна Балыбаевдин татыктуу талапкер экендигин жазышкан эле.

Балыбаев аталган каналда редактор, андан сырткары, Маалымат жана аналитикалык программалар департаментинин башчысы болуп иштеп келген. Ал эми аталган жайда 2006-жылдан бери иштеп келет. Ага чейин КООРТ телеканалында журналисттик кесипти аркалаган.

НТСтин мурдагы башкы директору Жайнак Үсөн уулу марттын башында КТРКга жетекчи болуп дайындалган. Ал жаңы кызматына 19-марттан тарта киришмекчи.

Миржан Балыбаевдин жазуучу жана драматург Султан Раевге берген интервьюсун Sputnik Кыргызстандын “Өзгөчө маек” рубрикасынан окуңуздар.