БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстандан айрым өлкөлөргө жашы жете элек балдарды алып чыгуу үчүн керектелген тиркемелерди берүүнү токтотту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Тагыраак айта кетсек, буга чейин жашы 16га чыга элек балдарды Казакстан, Өзбекстан жана Россияга алып чыгуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн ичине кошумча тиркеме даярдалчу.
Эми анын ордуна ата-энелер балага жалпы жарандык паспорт алуусу шарт.
Ал эми буга чейин алынган тиркемелер колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу деп саналары айтылды.