Акыркы ардагер деген эмеспиз. Жалал-Абад мэриясы түшүндүрмө берди

14-март күнү Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери, милициянын капитаны Гаваз Мингараев көз жумгандыгы тууралуу маалымат тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жалал-Абад мэриясы "шаардагы акыркы ардагер каза болгондугу" тууралуу маалыматка тактоолорду киргизди.

Согушта көз жумган аталардын бейитине бара албай... ЖКда маселе көтөрүлдү
Эске салсак, 14-март күнү Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери, милициянын капитаны Гаваз Мингараев көз жумгандыгы тууралуу маалымат тараган. Маркум согуштан кайткандан кийинки өмүрүн тартип коргоо органдарына арнаганы айтылган.

Көп өтпөй Жалал-Абад облусу боюнча Баткен согушунун ардагерлери коомдук бирикмесинин төрагасы Рустамбек Амиракуловго шилтеме берип "Өлбөс полк — Кыргызстан" бирикмеси Жалал-Абад шаарында "акыркы ардагер каза болгон жок. Бул калаада Улуу Ата Мекендик согушка катышкан дагы беш адам жашайт" деген маалымат берген.

"Биз шаардагы акыркы ардагер эмес, өмүрүн укук коргоо органдарына арнаган акыркы ардагер деп айтканбыз. ЖМК өкүлдөрү муну туура эмес түшүнүп калыптыр", — деди Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков.

Сөз болуп жаткан ардагер Гаваз Мингараев 95 жашта болчу.