БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ырчы Юлия Началова ооруканада жатып көз жумду. Бул туурасында РИА Новости анын пиар-директору Анна Исаевага шилтеме кылып билдирди.
"Бир саат мурда биздин Юлиянын жүрөгү сокпой калды", — деп жазды ал социалдык тармакка.
Жуманын башында бир катар ЖМКлар Началованын ооруканага түшкөндүгүн кабарлаган.
Ырчынын өкүлү бул маалыматты тастыктап, артисттин абалы оорлоп, жасалма дем алдыра баштагандыктарын айткан. Бир нече күн мурда Началовага операция жасалып, реанимацияда жаткан.
"Известия" басылмасы Юлия Началова сахнага беш жашынан тарта ырдап чыга баштагандыгын жазган. Биринчи ирет элге балдардын “Таңкы жылдыз” телесынагына катышып таанылган. Ырчылык карьерасында сегиз музыкалык альбом чыгарган.

Ал "Герой ее романа" (2001), "Бомба для невесты" (2004), "Три мушкетера" (2005), "Любовь — не шоу-бизнес" (2007) деп аталган фильмдерге тартылган.
Началова аны менен катар эле "Россия 1" телеканалындагы "Один в один" жана СТС телеканалындагы "Два голоса" музыкалык берүүлөргө катышкан.