Таштанды чогултуп, көчөт тиккен аткаминерлер. Сүрөттөр

Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында өлкө боюнча ишембиликтер өткөрүлүп, ага он миңдеген адам катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик болду. Ага жөнөкөй жарандардан тарта мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана өлкөнүн биринчи адамдары да чыгышкан.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттин аппаратынын кызматкерлеринин ишембилиги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өткөн. Алгач куран окулуп, андан соң комплекстин айланасы тазаланган.

Бишкектин түштүк-чыгыш тарабына 10 миңден ашуун бак отургузулат
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн аппараты Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркынын айланасындагы таштандыларды тазалап, көчөт отургузган.

Ал эми спикер Дастан Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары Эркиндик бульварын тазалап, 350 эмен көчөтүн тиккени айтылды.

Мэриянын маалыматына таянсак, бүгүнкү ишембиликке Бишкек калаасындагы 550дөн ашык уюм жана мекемелерден 50 миңдей адам чыгып, 40ка чукул атайын унаа тартылган.

Айлана-чөйрөнү тазалап, жашылдандыруу иштерине Бишкек шаардык кеңештин депутаттары да кол тийгизген. Алар Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишине 300 көчөт отургузду.