Кудум кинодогудай. Ошто кош бойлуу келинди автоинспектор төрөтканага жеткирди

Көчөдө автокыймыл көп болгондуктан, бейтааныш бирөөлөр аларды төрөтканага чейин жекирип коюуну өтүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ошто шаардык автоинспектор Самаган Ажымамытов кош бойлуу аялды төрөт үйүнө чейин жеткирип барды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Ош шаардык бөлүмүнөн билдиришти.

Милициянын сержанты Ажымамытов Гапар Айтиев менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан. Саат 09:00дөр чамасында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа токтоп, көчөдө автокыймыл көп болгондуктан, аларды төрөтканага чейин жеткирип коюуну өтүнгөн. Салондо ай-күнү жетип калган 26 жаштагы келин болгон.

Жолдошев: инспектор айдоочуга жардам көрсөтүүгө милдеттүү
Испектор кызматтык автоунаасы менен аларды коштоп бара жатканда, келин отурган автокөлүктүн майы түгөнүп калган.

Демилгени колго алган милиционер аялды өзүнүн унаасына салып, андан ары кызматын уланткан.

Кийинчерээк келиндин ата-энеси автоинспекторду таап, ыраазылыгын билдирген.

Кош бойлуу аял экинчи ирет эне болуп, салмагы 3 килограмм 450 грамм уул төрөгөн.

Ош шаардык төрөт үйүнүн дарыгери Зейнеп Исраилованын айтымында, жаңы төрөгөн эненин абалы жакшы. Аял төрөткананын кабыл алуучу жайында көз жарган.