Бекхэмди иш-чаранын алдында ага өзүнүн айкелин көрсөтүү үчүн чакырышкан. Эстеликти көргөн футболчу эмне дээрин билбей калган.
Футболчу айкелде жаагы узун, жамбашы чоң жана колдору калдайып олдоксон болуп жасалган. Бекхэмдин маанайы чөгүп, скульпторго нааразылыгын билдирген.
"Мага окшобой калыптыр го. Көздөрүн караңызчы! Бир гана чачтары жакшы болуптур. Ата-энем Лондондон келет, аялым келет... Бактыга жараша, балдарым иш-чарага катышпайт. Эгер алар муну көрсө ыйламак", — деди Бекхэм.
Тамаша эстеликти жылдырабыз деп жатып аны кулатып алуу менен аяктаган.
Бардыгы аяктагандан кийин ага "Лос-Анджелес Гэлакси" командасынын стадионунун кире беришине коюлган чыныгы эстелигин көргөзүшкөн. Бэкхем АКШ менен Канаданын футбол лигасынын тарыхында тирүү кезинде эстелик коюлган биринчи футболчу болуп калды.