Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду

Алдын ала маалымат боюнча машина катуу ылдамдык менен келе жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкекте "Тазалык" ишканасынын 36 жаштагы кызматкерин машина уруп кетип каза болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 14-мартта саат 20:00дөр чамасында болгон. Маркум жарыкка чагылуучу тасмасы бар кийимин кийип, өзүнө бөлүнгөн аймакта иштеп жаткан. Андан сырткары, аталган жол тилкеси жарыктандырылган болчу.

"Алдын ала маалымат боюнча машина катуу ылдамдык менен келе жаткан. Анткени каза болгон кызматкер 20 метрдей учуп кеткен", — деп маалыматта айтылат.

Кара-Кулжанын бийлиги адам өлүмүнө айыпталды. Аласалган унаанын видеосу
Кишини сүзүп кеткен айдоочу кармалганын мэриядан кабарлашты.

Маркум Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Үй-бүлөсү менен Тынчтык конушунда жашап жаткан. Жубайы да "Тазалык" ишканасында иштейт.