Аравияда жаракат алган Асланайым: бөтөн жерде каларымды эстесем коркуп кетем

Кыргызстандык өнөрпоз Асланайым Аширова 8-мартта Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатып бутунан оор жаракат алган. Ага эртеси операция жасашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Эки миңдей кыргызстандык катышып жаткан Эр-Рияд шаарындагы фестивалдын башкы даярдыгында жаракат алган жаачы кыз Асланайым Аширова операциядан кийин алгач ирет үн катты.

Эске сала кетсек, социалдык тармакта 8-март күнү Сауд Аравияда атчан үч кыз сүзүшүп кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Билдирүүдө Асланайым цирктеги кесиптеши менен ат үстүндө келе жатканда капталынан селфи жасап бараткан кыз аны сүзүп кеткендиги жазылган.

Кыргызстанды даңазалаган алптар! Аравияда элди таңданткан жигиттердин таржымалы
Ал эми фестивалды кыргыз тараптан уюштурган Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекова Асланайым фестивалга Салбуурун федерациясынын курамында жаачы катары гана чакырылгандыгын айткан.

Бирок Аширова Темирбекованын айткандарын төгүнгө чыгарып, окуя боюнча өз версиясын билдирген.

Ашировага Эр-Рияд шаарындагы King Saud Medical City ооруканасында 11-мартта операция жасалган. Дарыгерлер анын кыр сөөгү сынып кеткенин аныкташкан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өнөрпоз Асланайым (Светлана) менен байланышып, ден соолугу тууралуу маалымат алды.

Ал алгач операция кандай болгонуна токтолуп, визанын айынан апасы келе албай жатканын айтып берди.

"Абалым начар. Жада калса, көп сүйлөсөм чарчап калып жатам. Өз алдымча кыймылдай албайм. Операция 3,5 саатка созулду. Дагы деле бутум оорутуп жатат. Илдетти сездирбей турчу дарыларды колдонбосом, карышкырча улугудаймын. Апам бул жакка виза маселесинен улам келе албай жатат. Мени ооруканада күнү-түнү кесиптешим Саадат кароодо. Бирок ал да көпкө чейин тура албайт", — деди Аширова.

Жаачы кыздын айтымында, делегация жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтат. Ал эми Ашированы Кыргызстандагы ооруканага которуу боюнча маселе карала элек.

"Беш күндөн кийин делегация артка кайтат. Уюштуруу комитети эки күндө бирден келүүдө. Бирок мени өлкөгө алып кетүү боюнча кеп козгошкон жок. Сабырбек агай (Жумабеков — ред.) Кыргызстанга келишиң керек, өзүмдүн көзөмөлүмдө болосуң деп айткан болчу. Уюштуруучулар мени бөтөн жерде калтырбайт деп ниеттенем. Бул тууралуу ойлосом коркуп кетем. Кыргызстанымдын абасын, тоосун сагындым. Мага колдоо көрсөткөн мекендештерге ыраазымын", — деди Аширова.

Топоз минген кыргыздар, көз күйдүргөн сулуулар... Сауд Аравиядагы ирмемдер
Ал ошондой эле ден соолугу калыбына келери менен ишмердүүлүгүн уланта турганын кошумчалады.

Camel Fest 9-мартта башталган, 23үнө чейин созулмакчы. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтүп жатат. Иш-чарага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн.

Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган оюн-зоогун көрсөтүп жатат. Бул үчүн атайын 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрүүдө.