Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек ара көйгөйүн алдын алуу үчүн комиссия түзүлөт. Жээнбеков Рахмон менен сүйлөштү

Кыргыз-тажик чек арасында 13-март күнү эки элдин ортосунда чыр чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкөнүн өкмөт башчылары маселени талкуулашты
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жетекчи кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашкан.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Эки президент эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.