Доктурга эмнеси ооруп жатканын айтуудан уялып... Дарыгердин окуялары

Биздин медициналык колумнист, дарыгер Улугбек Жоомартов көпчүлүккө сабак болчу эки окуяны айтып берди. Баштаардан мурун эскерте кетчү жагдай, макалада камтылган айрым физиологиялык аспектилер сизге жагымсыз болушу мүмкүн.
Sputnik

...Бизге оорудан онтоп турган бир аялды алып келишти. Жаны ушундай кыйналып турган экен, түздөлүп жата албайт. Көз жашын көлдөтүп, керээз-мурасын айта баштады.

Эмне болгонун айтуудан көпкө тартынып турду. Көрсө, бейтап бир жумадан бери заңдай албай кыйналып жүрүптүр. Жоон ичеги кадимкидей көөп кеткен экен. Ичегилерин тазалоо керек эле. Ошондо нөөмөттөгү улук дарыгер жаш кесиптештерине тигиле: "Кимиңер шахтердук ишти аткарууга даярсыңар?.. Жоомартовбу?" – деди. Акыры ал бейтапты мен дарыламак болдум.

Туура эмес тамактануудан өлүм көп катталган өлкөлөр. Кыргызстан 3-орунда
Адегенде бейтапка клизма жасап көрдүм, пайдасы тийбеди. Ичегиде пайда болгон заң таштар жеңилдеп алышын жөн эле бөгөп турат. Бул ичеги-карын начар иштегенде болот.

Медициналык мээлей кийип, ичегини таштардан арылтууга аракет кылдым. Бейтап ага кошумча ичти жумшартуучу дары ичти. Дарылоо таасир эте баштады өңдөнөт, бир маалда оорукананын керебетинен атып туруп, даараткананы көздөй чуркады.

Эмнеге мындай абалга жеткенин сурадык. Бейтаптын кандай тамактанарын да тактадым. "Баарын жейм! Кадыресе эле тамактанам", — деп койду. Бирок доктор Хаустун айтканы эсиңиздердеби? "Баары калп айтат!" Акыры уулу апасынын сырын ачып койду. Көрсө, ал айым эттен башка эч нерсе жебей, жашылча-жемишке да жакын эмес экен.

Кеп ошондо да! Кайсы бир жылдары Кытайда кылмышкер үчүн абдан катаал жаза берилчү экен: аларга тек гана сууга бышырылган эт бере беришет. Бир айдан кийин адам ит чыдагыс азапка батып, акыры жан берчү экен.

Ичегилердин жакшы иштеши үчүн жашылча-жемиш зарыл. Эгер эт гана желсе, ичеги-карындын жыйрылып, сыдырылышы токтойт дагы, топтолгон заттар боорду ууланта баштайт. Натыйжада адам коркунучтуу өлүмгө дуушар болот.

Жон терим менен сездим. Медицинаны акы төлөөгө өткөрүү керек экен
Туура тамактануу керектиги жалпыга маалым. Бирок ооруканага жата турган абалга кептегенче андайга аша чаап умтулуу бөлөк кеп. Кулагыңыздарга күмүш сырга болушу үчүн дагы бир учурду баяндайын.

Бизге кайрылган бейтаптын "туура азыктанууга" бериле элегинде сак-саламат, салмагы да түзүк экен. Адеп бөлүп-бөлүп тамактанат, кийин чийки азык жегенге өтөт. Чийки азыктана баштагандан тарта ушундай бир тездик менен арыктайт. Бул аны ого бетер шыктандырып, ар кыл семинарга катышып, ушул боюнча китептерди сатып алат. Тамакка кошулчу ар кыл азыктарга көп каражат коротот.

Албетте, мындай аракет ичти тазалоочу дарылар менен коштолот эмеспи! Айтмакчы, мен алардын курамын изилдеп көрдүм, пайдалуу чөптөрдөн тышкары кадимки эле ичти жумшартуучу каражаттар камтылат экен. Дары ичип, организмин чыңдап жатам деп ойлоп биздин каарман арыктагандан арыктай берген.

Натыйжада салмагы 47 килограммга чейин түшүп, тамакка табити тартпай калат, көп жөтөлчү болот. Аял кандай болсо да деп кургак учукка да текшерилет. Таза чыгат, бирок жөтөлү кетпейт...

Соңунда байкуш келин баса албай калып, төшөккө жатып калат. Изилдеп көрсөк, анын "мүнөздөп тамак ичиши" организмин жабырката берген. Начар тамактанышы, анын артынан ичти жумшартуучу дарылар микрофлоранын ишин бузган. Ансыз да араң жан калган аялдын иммунитети өтө чабалдайт.

Атасы үч жашар уулун дубалга жабыштыра чапты. Дарыгердин күйгөнү эмне?
Соңунда бейтаптын кургак учук экендиги аныкталды, иммундук тутуму иштен чыккандыктан, ага антитело жок. Акыры бейтап кургак учук диспансерине жатууга аргасыз болду.

Кандай бүтүм чыгарабыз? Тең салмактай тамактаныңыздар. Эт, ботко, жер-жемиш, жашылча — баарын, бирок акылга сыярлык ченемде жеш керек. Организмдин ишин жеңилдетип ачка жүрүү күндөрү да жакшы, бирок андайга ашкере берилүү жакшылыкка алып келбейт.

Маселен, кечинде тамак жегиңиз келсе, алма жеп ашказаныңызды алаксыта турсаңыз болот. Тез татым жана тамак-ашка эмес, көбүрөөк химиялык өндүрүмдөрдүн катарына кирген азыктардан айланып качканыңыз оң. Жарым жыл сакталчу йогурт эч кимдин саламаттыгын жакшыртып жибере элек.

Кыргыз медицинасынын дөө-шааларынын бири Эрнст Акрамовдун маегин окуңуздар. Ал өлкөнүн саламаттыгын сактоо тармагынын көңүл кирдеткен тараптарын ачыктаган.