Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

VIII орус-кыргыз аймактар аралык конференциясы кандай өтөт. Чоо-жайы

Иш-чара Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарына арналган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. "Россконгресс" фондусунун маалымат кызматы VIII орус-кыргыз аймактар аралык "Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору жана интеграция" аттуу конференциянын толук программасын жарыялады.

Аталган иш-чара 27-28-мартта Бишкекте өтөт. Ага катышкандар ЕАЭБдин алкагында Кыргызстан менен Россиянын агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашат.

Россия президентинин кеңешчиси Антон Кобяковдун айтымында, Россия менен Кыргызстан экономикадан тарта туризмге чейин көп тармакта кызматташат.

"Мамлекет башчыларынын аракети менен көптөгөн маселелер жөнгө салынып, мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги кооперативдер үчүн керектүү шарттар түзүлдү. Биздин мамлекеттер ушул багытта иш алып барып, аракеттерди көрүшү керек", — деди ал.

Конференциянын биринчи күнү тематикалык багыттагы тегерек столдор өтөт.

Андан сырткары, Россия менен Кыргызстандын экономика министрлери Максим Орешкин менен Олег Панкратовдун катышуусунда пленардык жыйын болот. Ошондой эле бир катар эки тараптуу келишимдер менен меморандумдарга кол коюлат.

Россиянын президенти Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келет.