Бишкекте жылуулук кайсы убакта өчүрүлөт. Мэриянын жообу

Кыргызгидрометтин божомолу боюнча 25-мартка чейин борбор калаада аба ырайынын суткалык көрсөткүчү +8 градустан жогору болбойт.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкекте жылуулукту өчүрүү чечими 25-марттан кийин ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Сары кар жаабайбы? Апрелге карата аба ырайы
Кыргызгидрометтин божомолу боюнча 25-мартка чейин борбор калаада аба ырайынын суткалык көрсөткүчү +8 градустан жогору болбойт.

Эреже боюнча сырттагы аба ырайынын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан жогору болгондо жылуулук берүү токтотулат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына жылуулук былтыр 17-октябрдан тарта бериле баштаган.