Эфиопияда кулаган учак тууралуу айтып берген алып баруучу талоонго калды. Видео

Жаңылыктардан сүйлөп жаткан алып баруучу каргашанын кандайча болгонун айтып берип жатып аша чаап кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кения алып баруучусу Эфиопияда болгон авиакырсыкка арналган жаңылыктар түрмөгү үчүн социалдык тармак менен кесиптештеринин сынына кабылды.

Эфир учурунда Данн Мванги учактын кыйрашы моделдештирилгени көрсөтүлгөн экран алдында туруп сүйлөгөн. Аба кемесинин жерге кулап түшкөн учурунда чыккан түтүндөн качкандай түр көрсөтүп, кадрдан чыгып кеткен.

​SDE Kenya порталы дал ушул видео социалдык тармакта кызуу талкуу жаратканын жазды. Ар кыл ЖМКлардын өкүлдөрү жана соцтармак пайдалануучулары алып баруучунун жоругун катуу сынга алышкан.

Окуядан кийин журналист кечирим сураган катын жарыялады.

"Мен эч убакта өлүмдү шылдыңдамак эмесмин. Окуяны чагылдырууда аша чаап кеткенибизди мойнума алам", — деди алып баруучу.

Эскерте кетсек, Ethiopian Airlines компаниясына таандык Boeing 737 MAX 8 учагы 10-март күнү эртең менен Эфиопиянын Дэбрэ-Зейт шаарында кыйроого учураган. Ичиндеги 157 кишинин бири да аман калган эмес. Өлгөндөрдүн арасында 35 мамлекеттин өкүлдөрү болгону маалым.