Топоз минген кыргыздар, көз күйдүргөн сулуулар... Сауд Аравиядагы ирмемдер

Sputnik

Кыргыз тараптан уюштуруучу Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясы болуп эсептелинет. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ири маданий иш-чарадагы ирмемдерди тартуулайт.

Кыргыздар ушундайбы деп сурашууда. Аравияда жүргөн узун бойлуу кыздар менен маек
Camel Fest 9-мартта башталып 23үнө чейин созулмакчы. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн.

Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган оюн-зоогун көрсөтөт. Бул үчүн атайын 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Camel Fest тууралуу кенен маалыматты Sputnik даярдаган фактыдан окусаңыздар болот.

1 / 17
Camel Fest иш-чарасына өлкө атынан 2000 киши барган. Ага маданият жана спорт өкүлдөрүнөн тышкары техникалык топ, уюштуруучулар жана ыктыярчылар кирет.
2 / 17
Улуттук кийим куп жарашыптыр! Бул кыз менен бала фестивалдын эң жаш катышуучусу болсо керек.
3 / 17
Сауд Аравияда кыргызстандык делегация үчүн атайын жер берилип, ага көчмөндөр айылы курулган
4 / 17
Camel Fest иш-чарасына 100гө чукул мамлекеттин өкүлү келген
5 / 17
Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган оюн-зоогун көрсөтөт
6 / 17
Таяк тартышка түшкөн балбандар. Фестивалда улуттук спорттун түрлөрү басымдуулук кылат.
7 / 17
Кыргызстандык каскадер Фархат Косимов да өнөр тартуулагандардын катарында
8 / 17
Топоз минген кыргыздарды сейрек кездештирсек керек...
9 / 17
Camel Fest программасында төө чабыш, төөлөрдүн талантын тартуулоо, төөнүн терисинен жасалган буюмдардын көргөзмөсү каралган
10 / 17
Кыргызстандын атынан 700дөй өнөрпоз талантын тартуулайт. Сүрөттө актер Жолдошбек Жанжигит уулу.
11 / 17
Бир караганда музду элестетет экен. Бул кадимки чатырлар.
12 / 17
Иш-чарада кыргыздын алп кыздары жана балдары көпчүлүктү таң калтырууда. Эркектердин бою 2,15 метр, ар биринин орточо салмагы 150 килограмм. Кыздардын биринин бою 1,93 метрге жетет, бут кийиминин өлчөмү — 43.
13 / 17
Кылым кыйырынан келген кыргыз шырдагы
14 / 17
Сулууларга суктанууга акым бар! Фестивалдын көркүнө көрк кошкон дал ушундай бийкечтер болсо керек.
15 / 17
Camel Fest 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат
16 / 17
Караганы эле бир тайлык! Көз жоосун алган кыргыздын сулуусу
17 / 17
Төө фестивалы 2017-жылы негизделип, Сауд Аравиясынын падышасы Абдул-Азиздин (King Abdulaziz Camel Festival) ысымын алган