Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды эки өлкөнүн чек арачылары жөнгө салууда

Ушу тапта чек арада абал чыңалып турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чырынан улам Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча келишим ратификацияланды
Эскерте кетсек, буга чейин Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан. Коңшу айылдын тургундары бири-бирин ташка алганы маалым.

Кечки саат 20.00дөн кийин эки өлкөнүн 200гө чукул жараны кайрадан бири-бирине таш ыргытышкан.

“Ушу тапта Төрт-Көчө аймагында чогулган 200гө чукул киши тарабай турат. Абал чыңалган боюнча”, — дешти Чек ара кызматынан.

Эки өлкөнүн чек арачылары кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатышат. Баткен чек ара бөлүмүнүн жоокерлери күчөтүлгөн тартипке өттү.