Карганбек Самаков эркиндикке чыкты. Бирок шарттары бар

Экс-депутат 1,5 жыл ичинде чет өлкөгө чыкпашы жана ар кыл саясий иштерге катышпашы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Экс-депутат Карганбек Самаков жатак абагына которулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ЖАМКтын маалымат кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

"Самаков жаңы мыйзамдардагы гуманизациядан кийин жатак абагына которулду. Ал мыйзамга ылайык, ага берилген жазанын үчтөн бирин өтөп бүттү. Эми анын бир жарым жылдык мөөнөтү калды. Эми ал өзүнүн ишине барып келип турууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок бул мезгил аралыгында чет өлкөгө чыкпашы жана ар кыл саясий иштерге катышпашы керек", — деп билдирди Сабатарова.

Эске салсак, Октябрь райондук соту 2017-жылдын 20-декабрында экс-депутат Карганбек Самаковду катаал тартипте 10 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарган. Бирок эки мунапыс менен абак мөөнөтү үчтөн экиге кыскарган.

Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба жерлери жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча Самаковго 2015-жылы май айында кылмыш иши козголгон. Ал эми ноябрда Башкы прокуратура ишти сотко өткөргөн.

Самаковдон тышкары аталган иш боюнча уулу Кубанычбек Самаковго, Жаныш жана Курманбек Бакиевдерге иш ачылган.

Мындан тышкары, Аламүдүн райондук соту тарабынан мыйзамсыз токтом чыгарып бергени үчүн ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновго, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиевге жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге айып тагылган.