Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу

Өз дарегине жеткирүү үчүн 5687 токтом "Кыргыз почтасына" өткөрүп берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 4-марттан бери 12 734 эреже бузуу катталып, айдоочуларга айып төлөөгө милдеттендирген токтомдор чыкты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчисинин милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов билдирди.

Мунун ичинен 5687 токтом дарегине жеткирүү үчүн "Кыргыз почтасына" өткөрүп берилди.

"Калгандары конвертация болуп жатат. Алар 1-2 күндүн ичинде "Кыргыз почтасына" жеткирилет", — деди Саркулов.

Ошондой эле ал коомдо катуу талкууга түшкөн жол эрежеси боюнча токтомдун жалаң орус тилинде чыгышы боюнча түшүндүрмө берди.

Почтадагылар 50 пайыз жеңилдик туурасында билишпейби? "Кыргыз почтасынын" жообу
"Биз азыр жөнөтүп жаткан токтом 2 беттүү кагаз. Бир тарабы кыргызча, экинчиси расмий тилде белгиленген. Ал эми унаа каражаты жана анын ээси тууралуу маалымат расмий тилде. Маалыматтар базага ушундай киргизилип калыптыр. Учурда кайра иштелип жатат. Бир жуманын ичинде которулуп, мамлекеттик жана расмий тилде жөнөтүлө баштайт", — деди жетекчи.

Учурда Бишкек шаарында 10 көчөнүн кесилишине, эки көпүрөгө, Чүй облусунун аймагындагы 15 жерге коюлган камерадан, ошондой эле 19 көчмө комплекстен эреже бузуулар боюнча маалыматтар түшүп жатат.

"Коопсуз шаар" долбоору 12-февралда ишке кирген.