Чириген байлар кайсы шаарда көп? Forbes рейтинги

Тизме башына Нью-Йорк, Гонконг жана Москва шаарлары чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Америкалык Forbes журналы миллиардерлер эң көп жашаган дүйнө шаарларын тизмектеди.

Forbes байманасы ашып-ташкандарды аныктап чыкты. Рейтинг
Биринчи орунда жалпы эсеп менен байлыгы 364,6 миллиард доллардан ашкан 79 адам жашаган Нью-Йорк шаары турат. Экинчиге 68 миллиардер менен Гонконг чыкты. Алардын байлыгы 261,3 миллиард долларга бааланды.

Өзүнө байларды батырган жагынан үчүнчү орунду Москва ээледи. Бул шаардагы 60 миллиардердин байлыгы 270,6 миллиард доллар экен.

"Бай" шаарлардын бештигин Пекин менен Лондон жыйынтыктады. Тизмеге алардан ташкары, Шанхай, Сан-Франциско, Шэньчжэнь, Сеул жана Мумбаи кирди.