Кыргызстандын Түркиядагы элчиси дайындалды

Буга чейинки элчи Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчиликти жетектейт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп Кубанычбек Өмүралиев дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Белоруссиядагы элчи болуп иштеп келген Өмүралиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин тармактык комитети жактырган.

Ал эми Түркияда дипломатиялык өкүлчүлүктү башкарып келген Ибрагим Жунусов Өзбекстанга которулган.