Бул аттарды баатырлар, эрлер минген! "Манас" эпосундагы тулпарлар. II бөлүк

Мал жандуу келген кыргыз эли жылкы баласын ар убак аздектеп келген. Өзгөчө акыркы жылдары улуттук спорттун өнүгүшү менен аттардын орду дагы да болсо жогорулады.
Sputnik

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасынын чыгарылышында тулпарына ат коем дегендерди эске алуу менен "Манас энциклопедиясы" (1995-жыл) китебинен эпостогу күлүктөрдү жана алардын ээлерин тизмектедик.

Өткөндө ушул эле материалдын биринчи бөлүгү чыккан.

Кергүлтүк — калмак баатыры Бозкертиктин күлүгү;

Керкашка — Керкөкүлдүн байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта марага экинчи болуп келет;

Кертелки — Кыргылчалдын минген аты;

Коң төрө — Коңурбайдын атактуу аты;

Кошчабдар — Алмамбет Манаска келип кошулганда ага кан тартуу кылган тогуз аттын бири;

Көгала — Көкчөнүн минген аты;

Көгала, Көктеке — Чубактын жоого минген жана байгеге чапкан күлүгү;

Көкказык, Көк чебич — Сыргактын жоого минген аты жана байгеге чапкан күлүгү;

Көк тулпар, Көкчолок — Бакайдын тулпары;

Кула — Кутубийдин байгеге чапкан күлүгү;

Кулабээ — Ороңгунун күлүгү;

Кулансур — Байчоронун күлүгү;

Кулатай — Аккуланын тай кезиндеги аты;

Кылжейрен — Алмамбеттин Кытайдан кеткенден Манаска барганга чейин минип жүргөн аты;

Кылкүрөң — калмак баатыры Дөңгөнүн аты;

Мааникер — Көкөтөйдүн тулпары, ал өлгөндөн кийин уулу Бокмурунга калат;

Малтору — Бакайдын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта тогузунчу болуп келет;

Мээнеткөк — Санжыбектин байгеге чапкан күлүгү, Көкөтөйдүн сөөгүн коюу учурунда өткөрүлгөн ат чабышта бешинчи болуп келет;

Нарбуудан — Семетейдин тулпары;

Наркара — Манас туулгандагы тойдо байгеге чабылган алтайлыктардын күлүгү;

Наркызыл — Серектин байгеге чапкан жана жоого минген тулпар аты. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо жыйырма үчүнчү келип, Серек тагдырына буюрган Талапбүбүгө үйлөнөт;