Зидан кайрадан "Реалды" машыктырмай болду

Француз машыктыруучу клубду өткөн жылдын жай айында таштап кетсе, эми кайрылып келди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Легендарлуу футболчу, азыркы мыкты машыктыруучулардын бири Зинедин Зидан кайрадан испаниялык "Реал Мадрид" клубунун машыктыруучусу болду. Бул маалымат клубдун расмий сайтында маалымдалды.

Келишим 2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. ЖМКлар клубдун президенти Флорентино Перес машыктыруучуга командага толук көзөмөл кылып, оюнчуларды кабыл алуу боюнча маселелерди ага өткөрүп берерин жазды.

Роналду, Зидан, Марадона... Дүйнөлүк футболчулардын атын алган кыргызстандыктар
Зидан "Реалдын" негизги командасын 2016-жылдан тарта жетектеп келет. Анын чебер башкаруусу менен команда чемпиондор лигасында үч ирет жеңүүчү болсо, эки жолу UEFA супер кубогуна татыган. Дагы бир ирет Испаниянын супер кубогун жеңген.

Былтыр жайында Зидан өзүнүн каалоосу менен аталган команданын машыктыруучулугунан кеткен. Ошол эле учурда атактуу футболчу, португалиялык Криштиану Роналду да команда менен коштошкон.

Футбол боюнча чеберчиликти үйрөтүү үчүн келген Хулен Лопетеги көпкө кармалган жок. Андан кийин команда жаңы машыктыруучу аргентиналык Сантьяго Солари менен иштеше баштап, бирок ал бүгүн кызматынан бошоду. Анын себеби - иштин майнабы болгон жок деп айтылды.

Эми көптөргө үмүт жаратып, Зидан кайрадан команданы алдыга сүрөмөй болду.