Сауд Аравияда ымыркайын унутуп калган аялдын айынан учак аэропортко кайтты

Жүргүнчүнүн унутчаактык оорусунун бар-жогу жана кандай чара колдонулганы боюнча маалымат бериле элек.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Сауд Аравияда эмчектеги баласын унутуп кеткен жүргүнчүнүн айынан учак аба майданга кайра кайтып келгенин РИА Новости "Ахбар24" порталына таянуу менен жазды.

Териси кургаган аялды авиакомпания баласы менен учактан түшүрүп койду
Маалыматка ылайык, самолет Жидда шаарындагы король Абдель Азиз атындагы аэропорттон учуп чыккандан кийин жүргүнчү наристесин унутуп калганын айткан.

"Ахбар24" порталы аба кемесинин командири менен диспетчердин сүйлөшүп жаткан аудио жаздырууну жарыялаган. Анда командир бир жүргүнчү ымыркайын аэропорттогу терминалга унутуп кеткенин, андан ары учуудан баш тартып жатканын кабарлаган.

Жүргүнчүнүн унутчаактык оорусунун бар-жогу жана кандай чара колдонулганы боюнча маалымат бериле элек.