Нуржигит Кадырбеков маданият министринин орун басары болду

Буга чейин аталган кызматты Айнура Султанбаева ээлеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейинки орун басар Айнура Султанбаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.