Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду

Шаар казысы бир катар тапшырмаларды берди
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы имамдар ишембиликке чыга турганын муфтияттан кабарлашты.

Бишкектин түштүк-чыгыш тарабына 10 миңден ашуун бак отургузулат
Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү Ынтымак жаңы конушундагы мечитте өткөн жыйынга калаанын жалпы имамдары катышып, ишембилик маселеси көтөрүлгөн.

Анда шаар казысы бир катар тапшырмаларды берип, айлана-чөйрөнү тазалоо иштерин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүүнү милдеттендирди.