Бишкекте бир үйдөн чыккан өрттөн экинчи там да жабыркады

Жалпысынан өрт 500 чарчы метр аянтка жайылган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кечээ, 11-мартта, Бишкектеги Сеченов көчөсүнүн №47 дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт 500 чарчы метр жерге жайылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Токмокто үй күйүп, 74 жаштагы кемпир каза болду
Ага ылайык, өрт жанаша турган турак үйгө өтүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан өрт өчүрүүчү 5 машина, 5 куткаруучу, ӨКМдин борбордук аппаратынан ыкчам топ, 15 милиция кызматкери, Тез жардам кызматынын 1 бригадасы жана башка тийиштүү кызматтар тартылган.

Кырсыктын кесепетинен эки кабаттуу жыгач устундуу ондулин жабылган үй жана жыгач устундуу темир жабылган ашкана күйгөн.

"Өрт жанаша жайгашкан турак үйгө өткөн. Кырсыктын кесепетинен эки кабаттуу турак үй толугу менен жана жанаша салынган турак үйдүн чатыры жана таштанды күйгөн", — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоо саат 20:14тө чектөөгө алынып, түнкү саат 00:10до толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.