Аравиядагы фестивалда ачык асман алдындагы кинотеатр кыргыз тасмасы менен ачылды

Белгилей кетсек, аталган өлкөдө 35 жылдан бери кино жана кинотеатрга тыюу салынып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Сауд Аравиясында өтүп жаткан "Көчмөндөр ааламы" этнофестивалынын алкагында ачык асман алдындагы кинотеатр — Moviestan ачылганын Дүйнөлүк этнооюндардын конфедерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кинотеатр 11-март күнү кыргыз кинолору менен ачылып, эртеден кечке чейин иштөөдө.

"Келгендер дүйнө жүзүнөн чогулган көркөм, даректүү жана кыска метраждуу тасмаларды көрө алышат. Анда негизинен дүйнө элдеринин өзгөчөлүгү, табият жана экологиясы чагылдырылган. Жалпы жонунан 79 мамлекеттин 760 тасмасы эл назарына сунушталууда. Фильмдер англис жана араб субтитрлери менен коштолот", — деп айтылат билдирүүдө.

Бою алп жигиттерден кем калбаган кыргыз кыздар суктантып... Аравиядагы сүрөт
Кинотеатр кыргызстандык режиссер Марат Сарулунун "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары. Өлкө феномени" деп аталган даректүү фильми менен ачылды. Андан сырткары, көрүүчүлөргө "Мурас", "Аялдар ааламы", "Мекеним — бейиш", "Куштун үнү", "Алыстыкта", "Тен", "Бийиктикте", "Кичинекей манасчы", "Физрук, алтын жана дарыя" картиналары сунушталмакчы.

Ал эми Moviestan кинотеатрынын куратору Талант Төлөбеков 35 жылдан бери кино тармагына тыюу салынган Сауд Аравияда 80ге чукул мамлекеттин тасмаларынын тартууланып жатышы тарыхый учур экенин белгиледи.