Купальник кийген Валентина Шевченконун Таиланддагы "соккусу". Сүрөт

Курорттук зонада Валентинанын эжеси жана машыктыруучусу кошо эс алып жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко социалдык тармакта Пхукеттин (Таиланд) пляжында эс алып жүргөн сүрөтүн жарыялады.

Instagram баракчасына кыргызстандык мушкер эс алуусун эжеси Антонина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов менен өткөрүп жатканын жазган. Белгилей кетсек, Антонина Санкт-Петербург шаарында өтө турган UFC беттешине даярдык көрүп жатат

Валентина да машыгуусун унутта калтырган жок.

Ал секирип туруп узаткан соккусунун сүрөтүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

Комментарийлерде спортчуну супервумен, сулуу аташууда. Акыркы сүрөтүнө — "Супермен панч" (Супермендин соккусу) деген аталыш беришкен.