БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бүгүнтөн баштап "Кыргыз почтасында" иштеген кызматкерлердин жумушу көбөйдү. Алар башка каттарга кошуп жол эрежесин бузган айдоочулардын дагы айып кагаздарын үйлөрүнө жеткире баштады.
Жети жылдан бери почта кызматында иштеген Рима Кулматова бүгүн биринчи ирет унаа ээлерине жазылган айып кагаздарын таратууга чыкты. Ага караган участоктон бул ирет үч адамга аталган кат келиптир.
Почта кызматкери көрсөтүлгөн даректерге барып унаа ээлеринин эшигин такылдатып, коңгуроосун какты. Бирок ага эч ким чыккан жок. Ошентип жол эрежесин бузган үч кишиге тең айып кагазын бере алган жок. Мындай учурда почтальондор билдирүү кагаз (извещение — ред.) таштап кетет экен.
"Эгер көп кабаттуу үй болсо минтип жарнамалар илинген тактага билдирүү кагазын чаптап коебуз. Анткени азыр көп эшиктерде код бар, кире албайбыз. Болбосо кошуналарына беребиз. Билдирүү кагазды үйдө адам жок болгон учурда гана таштайбыз. Ошондо бир айда үч жолу келебиз. Эгер үчөөндө тең катты албаса, анда айып кагазы кайра мониторинг борборуна жөнөтүлөт. Эгер унаа ээси биз барган учурда үйдө болуп калса, анда катты берип, кол койдуруп, анан кетебиз", — деди Кулматова.
"Кыргыз почтасы" ишканасынын маалымат катчысы Назгүл Раимкулованын айтымында, ар бир айып кагазды жеткиргени үчүн почта кызматкерлерине кошумча 3 сомдон төлөнөт.
"7-марттан бери бизге 4500 миңге чукул айып кагазы келди. Алардын айрымдарын аймактарга жөнөтүп, калганын Бишкекте таратып баштадык. Азыркы тапта кызматкерлер жетишип жатышат", — деди Раимкулова.
Эске салсак, айып кагаз келгенден кийин унаа ээси 15 күнгө жеткирбей төлөй турган болсо, 50 пайыз жеңилдик бар.
Баса, жол эрежесин бузгандарга салынчу айыптардын көлөмү канча экенин сөзсүз билип алыңыз.