Сауд Аравияда аттан жыгылган кыргызстандык жаачы кызга операция ийгиликтүү жасалды

Буга чейин социалдык тармакта 8-март күнү Сауд Аравияда ат үстүндө атчан үч кыз сүзүшүп кеткендиги тууралуу маалымат тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатканда кырсыктаган кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Ашировага жасалган операция ийгиликтүү болду. Бул тууралуу Этнооюндар боюнча дүйнөлүк конфедерациядан билдиришти.

Ага ылайык, Ашировага Эр-Рияд шаарындагы King Saud Medical City ооруканасында бүгүн, 11-мартта, эртең менен операция жасалган.

"Операция учурунда ооруканада уюштуруу комитетинин өкүлү, куратор, Camel Club уюмунун өкүлү жана Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчилигинен да жүрүштү", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармакта 8-март күнү Сауд Аравияда атчан үч кыз сүзүшүп кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Билдирүүдө Асланайым цирктеги кесиптеши менен ат үстүндө келе жатканда капталынан селфи жасап бараткан кыз аны сүзүп кеткендиги жазылган.

ТИМ: элчилик ооруканага барып жаачы Асланайым Ашировадан кабар алды
Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекова Асланайым фестивалга Салбуурун федерациясынын курамында жаачы катары гана чакырылгандыгын айткан.

"8-март күнү Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатканда Асланайым Аширова өзү билемдик кылып атка минип, бутун оорутуп алган. Ага чейин бардык катышуучуларга коопсуздук техникасы боюнча сабак өтүлүп, каскадер эместер атка минбегиле деген тапшырма берилген", — деп жазган Темирбекова.

Бирок Аширова Темирбекованын айткандарын төгүнгө чыгарып, окуя боюнча өз версиясын айткан.