Жол эрежесин бузгандарга келип жаткан айып каттын көрүнүшү сүрөттө

Жол эрежесин бузгандарга айып каттар жеткирилүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкекте жол эрежесин бузгандарга айып катты "Кыргыз почтасы" ишканасынын кызматкерлери 11-марттан тарта жеткирип бере баштады.

Мындай каттын бирин шаар тургуну Темирлан Сарлыкбек уулу да алган.

"5-мартта жол эрежесин бузгандыгым үчүн алгачкы айып кат дарегиме келди. Албетте, өнүккөн өлкөлөрдөн үлгү алып, коопсуз жол долбоорунун ишке ашырылып жаткандыгы кубандырат. Бирок менин пикиримде жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жалгыз бул ыкма жетишсиз. Биринчиден, жол эрежелерин сактоо маданиятын ар бир айдоочунун түшүнүүсү шарт. Ошону менен бирге эле жолдорубуздун сапатын дагы жакшыртып, чуңкурларды бүтөш керек. Андан сырткары, жол сызыктарын жана белгилерин жаңылап, жарыктандыруу иштерин жүргүзүү шарт", — деди ал.

Жол эрежесин бузгандарга келип жаткан айып каттын көрүнүшү сүрөттө

Сарлыкбек уулу ошондой эле "айлык маянасы төмөн айдоочулар үчүн айып пулдун өлчөмү жогору болуп калгандай. Балким өкмөт айып пулдун өлчөмүн төмөндөтүүнү эмес, айлык маяналарды жогорулатууну дагы ойлоноор" деген пикирин кошумчалады.

Эми ылдамдыкты нормадан саатына 10 чакырымдан ашырсаң айыпка жыгыласың
Белгилей кетсек, буга чейин ЖКККББнын мониторинг борборунун инспекторлору "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 955 айдоочуга эреже бузганы үчүн айып салынганын, эми алар автоунаа катталган ээлерине жеткирилерин билдирген болчу.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкектин көчөлөрүнө коюлган камералар 12-февралдан тарта ишке кирген. ЖКККББдан буга чейин маалымдашкандай, 4-мартка чейинки эреже бузууларга айып салынбайт.