Таягы менен чымын кубалап жатабы? Бишкекте инспектор элдин кыжырын кайнатты

Жол кыймылын жөнгө салууда эреже бузуп жаткан инспектордун видеосун окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына жиберди.
Sputnik

Видео Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагында, Чүй проспектиси менен Кулиев көчөcүнүн кесилишинен тартылган. Анда милициянын формасын кийип колуна таягын кармаган киши жол кыймылын жөнгө салууда түшүнүксүз кыймылдарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Фура толгон шар жолго чачылып... Бишкектеги өзгөчө куттуктоонун видеосу
Окуянын видеосу социалдык тармактарга дагы жарыяланып, колдонуучулардын сынына кабылды. Айрымдары инспекторду өзүнүн ишин так билбей тургандыгын жазышты.

Курманбек Камбаров аттуу колдонуучу инспектор колундагы таягы менен чымынды кубалап жатканын жазды.

Рафиль Нафиков аттуу колдонуучу болсо Ош базары жакта өзүнүн ишин так билген бир да инспекторду көрбөгөнүн билдирди.

Бишкек ЖКККБнын маалымат кызматы окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.