Атасын балка менен чаап, короодогу аңга көмүп салган. Чүйдөгү чуулуу окуя

Москва райондук соту 26 жаштагы жаранды 15 жылга эркинен ажыратты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чүйдө 26 жаштагы жигит өзүнүн атасын мыкаачылык менен өлтүрүп сөөгүн короосуна көмүп салган. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланган актыда айтылат.

Маалыматка ылайык, соттолуучу жаңы эле ооруканадан чыккан атасын түн ортосунда уктап жаткан жеринен баса калып, аны балка менен башка чапкылап өлтүргөн. Андан соң эч кимге билгизбей короого көмүп, атасы жоголуп кеткенин укук коргоо органдары менен туугандарына жарыялаган.

Кыргызстандык аял ага асылган күйөө баласын өлтүрүп салган. Соттун чечими
Дайынсыз жоголду делген жарандын сөөгү үч жылдан кийин гана табылган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүү мындай аракеттерге атасы көп арак ичкендигине байланыштуу баргандыгын билдирген.

Сотто 26 жаштагы жигит күнөөсүн мойнуна албай, атасын карыздар болгон тааныштары тынчытканын айткан.

Бирок Москва райондук соту кылмыш болгон учурда ата-бала үйдө жалгыз болгондугу далилденгенин билдирген. Жыйынтыгында сот 26 жаштагы жигитти 15 жылга эркинен ажыратты.