Трамп Чехия премьерин тосуп жатып аялын "унутуп" калды. Видео

Андрей Бабиш 2011-жылдан бери АКШга расмий чакырылган биринчи өкмөт башчы.
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Чехиянын премьер-министри Андрей Бабишти тосуп жатып ыңгайсыз абалга кабылганын РИА Новости жазып чыкты.

Трамп жубайы Мелания менен Ак үйдүн босогосунан Бабиштердин бүлөсүн тосуп алган. Айымдар сүрөткө түшүү үчүн токтоп калган маалда эки саясатчы эч нерсеге карабай резиденциянын ичине кирип кетишкен.

Дональд Трамп тилинен жаңылып Тим Кукту "Тим Эппл" деп алды
​Видеодон Мелания менен Моника жагдайга түшүнбөй ийин куушуруп күйөөлөрүнүн артынан басып кеткендиктерин көрүүгө болот.

Андрей Бабиш 2011-жылдан бери АКШга расмий чакырылган биринчи өкмөт башчы. Аткаминердин сапары үч күнгө созулары айтылды.

Трамптын эл алдында, расмий жолугушууларда ыңгайсыз абалда калган учурлары көп эле.