Томиристен Мирек-акеге чейин. Кыргызстандын байыркы тарыхында из калтырган аялдар

Кыргыз элин аял башкарып келген учурлар көп эле кездешет. Алар согушка да катышып, керек болсо жеңип да келишчү.
Sputnik

8-март майрамына карата Sputnik редакциясы Кыргызстандын байыркы тарыхында өчпөс из калтырып кеткен аялзаты тууралуу макала даярдады. Маалымат ачык булактардан алынса, негиз катары В.Мокрынин менен В.Плоскихтин "Кыргызстандын тарыхы" деген китеби пайдаланылды.

Томирис (болжол менен б.з.ч. 570-520-жылдарда жашаган)

Эл үчүн жанын берип... Кыргыздын таасирдүү саясатчы айымдары кимдер?
Айрым маалыматтарга караганда, Томирис массагеттердин ханышасы болсо, кээ бир булактарда Каспий деңизинен тарта Борбордук Тянь-Шанга чейинки аймакты байырлаган сак-тиграухауддардын башкаруучусу болгону айтылат. Биздин заманга чейинки 530-жылы перс падышасы Кир II эки жүз миң аскерден турган армиясы менен сактарга каршы жүрүш жасаган. Ал Томиристин уулу Спаргапис башында турган атаандаштын негизги күчүн алдоо жолу менен жок кылат. Ханзаада согуш талаасында өлгөнү же туткунга түшүп жанын кыйганы белгисиз. Андан кийин Томирис Кирдин армиясын толугу менен талкалоого жетишет. Айтылган сөзгө караганда, уулу үчүн өч алууга ниеттенген ханыша "суусунуңду кан менен кандырам дебедим беле" деп Кирдин алынган башын кан куюлган капка матырып алган дешет.

Кытай ханбийкеси Ле Цзею. Усундардын бир нече башкаруучусунун аялы

Бүгүнкү Кыргызстандын түндүк бөлүгүн ээлеген усундардын мамлекети биздин заманга чейин II кылымда пайда болгон. Ошол убакта гунндарга каршы аеосуз согуш жүргүзүп келген Кытай усундар менен биргүүнү чечет. Дал ушул максатта эл бийлеген уруулар бири-бири менен куда-сөөк болушат.

Ле Цзею алгач кунбаг Миньцзюсюймиге турмушка чыгат, анын көзү өткөндөн кийин Миньцзюсюйминин иниси Фейванга тиет. Анын башкаруусу алдында усундар кытайлыктар менен чогуу гунндарды талкалап, чоң күчкө ээ болушат. Фейваненин өлүмүнөн кийин тактыга анын Ле Цзеюдан төрөлгөн уулу Юаньгуйми келиши керек эле. Бирок аксакалдар башкаруучу деп башка династиянын өкүлү, Куанван деген адамды шайлашат. Жаңы ажонун кытай ханбийкелерине үйлөнүүгө укугу жок эле, мындан улам ал Лю Цзеюге баш кошот. Бирок ханыша баласынын тактыдан ажырап калышы менен эч келише албай, ханга кол салуу уюштурат. Бирок анын аракети ийгиликке жеткен эмес.

Табуян (XII кылымда жашаган)

Болжол менен 1134-жылы Елюй Даши башында турган кара кытайлар Енисейден Сырдарьяга созулган ири империя түзүүгө жетишет. Борбор калаасы Баласагун (азыркы Токмок шаарына жакын аймак) болот. Елюй Даши өлгөндөн кийин тактыны ээлеп калчу мураскор кичинекей болгондуктан 1143-1150-жылдары элди императордун жесири Табуян башкарып келген. Ал мамлекетти бекемдөөгө басым жасап, кийин анын ишин уулу ийгиликтүү улантып кетет.

Хутулан (болжол менен 1260-1306-жылдары жашаган)

Цезарь, Рамзес, Сулла. Улуу жол башчылардын атын алган кыргызстандыктар
Хутулан — Орто Азиядагы монгол башкаруучусу Хайдунун кызы (ордосу Чүй өрөөнүндө жайгашкан), Чыңгыз хандын түз урпагы. Кыз кайраттуу, эр мүнөз чыгып согушка катышат, көп кишини туткундаганы да айтылып келет. Марко Полонун жазганы боюнча Хутулан атасына аны күрөштөн жеңип чыккан жигитке гана турмушка чыгарын билдирген. Маалыматтарга караганда, Хайдуну дагы бир башкаруучунун баласына жеңилип бер деген өтүнүчүн укпай, Хутулан аны утуп алат. Кийинчерээк өзү тандаган эркекке турмушка чыккан деп да айтылып жүрөт. Атасы өлгөндөн кийин мүрзөсүн кайтарат. Жоокер кыз согуш талаасында өлгөн. Тарыхтагы башкаруучу болгон акыркы аялзаты деп эсептелет.

Мирек-аке (XIV кылымда жашаган)

Азыркы Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан Моголистандын дуглат уруусунан чыккан Пуладчи деген эмири болгон. Анын жери көп экени, карамагына Алайдан тарта Борбордук Тянь-Шанга чейинки аймак кирип турганы маалым. Иш жүзүндө ал Моголистанды негиздегендердин бири болуп, өлкөнүн биринчи ханын тактыга отургузган. Башкаруучунун көзү өткөндөн кийин аталган аймакка маркумдун аялы Мирек-аке жана анын уулу Худайдад баш-көз болот. Кийин Тамерландын аскери Мирек-акени туткунга түшүрүп алат. Летопистердеги маалыматтар боюнча ал Аксак Темирдин тушунда Самаркандда каза табат.