Акын чыгармаларында өмүр, өлүм, адеп-ахлак, жамандык-жакшылыкка байланыштуу турмуштук-философиялык темаларга токтолуп, Кокон хандыгынын аймагындагы кыргыздар баштан кечирген тарыхый окуяларды чагылдырып, Алымкул аталык, Курманжан датка, Полот хан сыяктуу журт башылардын ишмердиги тууралуу жазган.
Молдо Нияз 1896-жылы дүйнөдөн кайткан.
Байыркы сөздү айтмак жок,
Базарга мал сатмак жок.
Мындагыдай мүлкүң жок,
Рахат уйку, күлкүң жок.
Атка минип желмек жок,
Үйүңө кайтып келмек жок.
***
Бул аманат дүйнөдө,
Эгерде болот сыр деген,
Эрмек болот ыр деген.
Эсиме келди өткөндөр,
О дүйнөгө кеткендер
Ээсиз марттар жок болуп,
Жер тагинда өткөндөр.
Мусулманабад жок болуп,
Муруңку марттар жайланды.
Бутпарас кафир сак болуп,
Заман чапка айланды,
Миңбашы менен аминдер
Үч жылда бир шайланды.
***
Бул аманат дүнүйөдө,
Бирөө жүрөт зор болуп,
Бирөө жүрөт кор болуп.
Жетелетип аса алып,
Бирөө жүрөт көр болуп.
Бирөөгө бирөө эс болуп,
Бирөө макоо - пес болуп.
***
Ырыскысы төшөлүп,
Бир хылдардын пулуга.
Бир хыл жерден баш кетти,
Бир нечелер жаш кетти.
Бир хыл жерден пул кетти,
Мусулман журттун баарынын,
Муунуга зил кетти.
Албарстынын заманы,
Айтып болбойт таптакыр
Аалам жаман бузулду.