Дональд Трамп тилинен жаңылып Тим Кукту "Тим Эппл" деп алды

Тим Кук Apple компаниясынын билим берүүдөгү демилгелерин айтуу үчүн консультативдик кеңештин кадр саясаты боюнча жолугушуусуна катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп кайрадан социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылганын Techcrunch басылмасы жазды.

Трамп бул жолу консультативдик кеңештин кадр саясаты боюнча жолугушуусунда көпчүлүктүн алдында уят болду. Ал сүйлөп жатып, оң тарабында отурган Apple компаниясынын башкы директору Тим Куктун фамилиясын унутуп калып, аны Тим Эппл (Apple) деп алды.

​"Мага Тимге окшогон адамдар жагат. Сен мамлекетке аябай чоң жардам берип жатасың. Тим Эппл, биз муну абдан жогору баалайбыз", — деди ал.

Apple компаниясынын башчысы буга эч нерсе деген эмес.

Сунган колду суутуп... Трамптын белегин албай койгон Тереза Мэй
Трамптын туура эмес сүйлөп алган видеосу заматта социалдык тармакка жайылып, бир нече сааттын ичинде эле 5 миллион жолу көрүлгөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары ири компанияларды жетектеген кишилердин фамилиясын анын фирмасынын атына алмаштырып, шакаба чегишти.

"Билл менен Майкрософтту алмаштыра көрбө", — деп Curt Schick аттуу колдонуучу жазды.

Американын президенти буга чейин да расмий жолугушууларда ыңгайсыз абалда калган. Ал аялы Мелания менен баласы Бэрронду жамгырга таштап, өзү кеткени үчүн сынга кабылган.