Ок жеп, 315 миң долларын алдырган айдоочу эмне иш менен алектенери айтылды

Буга чейин маалымдалгандай, кол салгандар эркек киши менен аялын катуу сабап салган. Аял оор абалда ооруканада.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Куралдуу топтун кол салуусуна кабылган жабырлануучулар кымбат баалуу телефондорду сатып иштешчү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Назарбаевге делген тапанчаны уурдап... 90-жылдардагы кылмыштар
Буга чейин маалымдалгандай, Беш-Күнгөй айылынан белгисиз бирөөлөр автоунаага ок чыгарып, ал жолдон чыгып дубалды сүзгөн. Кылмышкерлер айдоочуну атып, 315 миң долларын алып кетишкен. Окуя 6-мартта түнкү саат 2:00дөр чамасында болгон. Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде 53 жаштагы эркек киши менен 57 жаштагы аялы болгон. Алар ооруканага жеткирилген. Кылмышкерлер Subaru Forester автоунаасы менен жүргөн. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жабыркагандар тонотуп жиберген 315 миң долларга Бириккен Араб Эмирлигинен кезектеги телефондорду алдырмак. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча кылмышкерлер жабырлануучуларды тааныган жана качан үйгө кайтарын да билишкен.