ЖКККББ: жол эрежесин бузганы боюнча биринчи кат 1000дей айдоочуга жиберилет

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарга токтом токуу боюнча жаңы жабдык сатып алды.
Sputnik

ЖКККББнын мониторинг борборунун инспекторлору "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 955 айдоочуга эреже бузганы үчүн айып салды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эреже бузууларды каттаган камералардагы маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" ишканасынын маалыматтар борборуна келет. Ал жерден автоунаа, жарандын жеке жана жашаган жери боюнча маалыматтар менен салыштырылат.

Бардык маалыматтар алынгандан кийин түзүлгөн токтом Мониторинг борборуна келип, инспекторлор аларды иштеп чыгып, протоколго кол коёт.

Эми ылдамдыкты нормадан саатына 10 чакырымдан ашырсаң айыпка жыгыласың
6-мартта саат 18:00гө алынган маалымат боюнча 955 токтомго электрондук кол коюлган. Алар электрондук форматта индексация үчүн "Кыргызпочтасына" жиберилген. Андан кийин ЖКККББ каттарды басып чыгарып, конвертке салат. Ал "Кыргызпочтасына" келип, автоунаанын ээсинин дарегине жеткирилет.

ЖКККББ бир мүнөттө 52 бетти басып чыгара турган көп функциялуу аппарат алынганын билдирди. Мекеме акчаны үнөмдөп калуу үчүн буга чейин эреже бузуу боюнча түзүлгөн токтомдорду басып чыгарып конвертке сала турган аппаратты сатып алуу үчүн жарыяланган тендерди жокко чыгарган. Бул кызмат көрсөтүүнүн наркы 72,2 миллион сомго бааланган.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкектин көчөлөрүнө коюлган камералар 12-февралдан тарта ишке кирген.

ЖКККББдан буга чейин маалымдашкандай, 4-мартка чейинки эреже бузууларга айып салынбайт.