Бир палатага тыгылган бейтаптар
Бул бөлүмдө рак илдетинин ар кайсы түрүнө (шишик, лейкоз) кабылган өспүрүмдөрдөн бир айлык ымыркайга чейин дарыланышат. Чүрпөлөрдүн айрымдары биз барган учурда апаларын кучактап уктап жатса, кээ бири телмирип терезе тиктеп отуруптур. Арасында капельница алып жаткандары дагы бар.
Рак менен ооруган балдар жана аларды караган дарыгерлер жаңы онкологиялык борбордун курулуп бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Анткени бир палатада төрт бала жатса, аларды караган дагы төрт адам болуп сегиз киши жатат экен. Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Жунушалиева мындай шартта рак илдетине кабылган балдарды аман алып калуу мүмкүнчүлүгү азыраак экенин айтты.
"Каза болгон балдардан анализ алганда көбү сепсистен, башкача айтканда, инфекциядан көз жумган болот. Анткени рак илдетине кабылган чүрпөлөрдүн иммунитети түшүп кетет. Жанында караган ата-эне, туугандары сыртка кирип-чыгып инфекция алып келет да, ал балага жугат. Химиотерапия бардык клетканы жакшы-жаман дебей өлтүрүп салат. Анан лейкоцит азайып, баланы аман алып калуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Химиотерапия алган балага биринчи кезекте тазалык, тынчтык керек. Бирок азыр биз аларга мындай шарт түзүп бере элекпиз. Бир палатада бир же эки киши эмес, сегиз адам жатат, бири-бирине инфекция жуктуруп алышууда", — деди Жунушалиева.
Бөлүм башчы менен бейтаптар жаткан палаталарды кыдырып, оорукананын абалы менен таанышып чыктык. Балдар менен чоңдорго бирден ажаткана болсо, 43 балага бир эле жуунуучу жай иштейт экен.
Ата-энелер эркек-аял дебей бир палатага жатып, баласынын жанына батканы батса, калгандары кээде аргасыздан жерге төшөк салып жатабыз дейт.
"Жерге жатсам да балам айыгып кетсе болду. Мага ушул маанилүү", — деди бир палатада жалаң аялдар менен жаткан киши.
Аты-жөнүн атагысы келбеген ата ооруканада небересин карап жатыптыр.
Ал ортодо Гүлмира Жунушалиева коңшу мамлекеттерде рак илдетине кабылган балдарга жакшы шарт түзүлгөнүн айтып кетти.
"Кайсы өлкөгө барба, балдар онкологиясында ата-энелер үчүн да шарт түзүлгөн. Негизи талап боюнча ар бир палатада жуунуучу жай, кийим чечүүчү бөлмө, ата-энеси жатканга өзүнчө диван, балага керебет болуш керек. Химиотерапия алган бала тынч, таза жатыш керек. Жаңы онкоборбордун пландоо иштерине биз дагы катышып, талаптарыбызды айтканбыз. Жаңы борбордо балдар бөлүмүнө көбүрөөк орун берилип, жаңы аппараттар келерин айтышкан. Мисалы, сөөк чучугун көчүрүү операциясын азырынча жасай албайбыз. Бирок жаңы борбор салынып калса, эки-үч жылдын ичинде өзүбүздүн дарыгерлер аны жасап башташат", — деди Жунушалиева.
Улуттук онкологиянын 35 бейтапка ылайыкташкан бул бөлүмүндө учурда 45 бала дарыланып жатат.
Бюджетте акча жокпу?
2017-жылдын күз айында балдардын жана чоңдордун онкогематология борборунун пайдубалы түптөлүп, 2018-жылы 150 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулуш иштери башталган. Анын 100ү балдар үчүн каралса, 50сү чоң кишилерге бөлүнгөн. Бирок курулуш иштери ортосуна келгенде, 2018-жылдын май айында токтоп калган.
Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков бардык суроолорго Мамлекеттик курулуш агенттиги жооп берет дейт.
"Курулуш дагы эле башталбай турат. Биз деле чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул маселе боюнча толук маалыматты Мамлекеттик курулуш агенттиги берет", — деди Тилеков.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Турак жай жарандык курулуш департаментинин жетекчиси Адилет Абдыкадыров курулуш иштери эмне себептен токтоп калганын төмөнкүчө түшүндүрдү.
Ал эми өкмөттүн маалымат кызматы аталган маселе боюнча расмий кат жазууну өтүндү. Курулуш иштери качан башталып, жаңы борбор качан салынып бүтөрү азырынча белгисиз.