Иса Өмүркулов КСДПнын съездин өткөрүүгө ниеттенүүдө. Партия эмне дейт?

Социал-демократтар Өмүркулов партиянын катарынан чыгарылганын эскертишти, бирок ал мындай чечимди мыйзамсыз деп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Иса Өмүркулов Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) съездин, саясий кеңештин жыйындарын өткөрө албайт. Бул тууралуу партиядан билдиришти.

Айрым ЖМКлар Өмүркулов 3-апрелде партиянын съездин өткөрө турганын, ага экс-президент Алмазбек Атамбаев да чакырылганын жазып чыгышкан.

"3-апрелде КСДПнын съезди болот деген маалымат жалган. Эгер Өмүркулов партияга кирбеген үзөңгүлөштөрү менен чогулуш курса, "Атамбаевсиз КСДП" деген кыймылдай эле ага КСДПнын эч кандай тиешеси жок. Биздин маалымат боюнча ал жакта саясий бирикменин мүчөлөрү жок", — деп айтылат маалыматта.

КСДП УКМКнын Исаков боюнча тараткан маалыматына нааразы
Саясий кеңештин жыйынын партиянын төрагасы, эгер ал жок болсо орун басары өткөрө алат.

КСДПнын кийинки съезди 6-апрелде өтөт. Мындай чечим саясий кеңештин 2018-жылдын 31-октябрында өткөн жыйынында кабыл алынган.

Эске салсак, КСДП Иса Өмүркуловдун аракеттери партиянын негизги максаттарына, милдеттерине жана уставына каршы келет деген негиз менен катарынан чыгарган. Бирок Өмүркулов партиянын мындай чечимин мыйзамсыз деп келет.