АКШда лотереядан 1,5 млрд. доллар уткан жаран аны толук ала албайт

Уюштуруучулардын айтымында, жеңүүчү мээримдүүлүгүнөн улам жеңишке жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШда өлкө тарыхында бир адамга берилген эң ири джекпоттун жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу Mega Millions лотереясынын сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, билет Түштүк Каролина штатынан былтыр октябрь айында сатылган. 4-мартта лотереянын жеңүүчүсү келип, бирок жашыруун боюнча калууну чечкен. Джекпоттун көлөмү 1,5 миллиард долларды түзөт. Жеңүүчүдө эки тандоо болгон, ал утуп алган акчасын 30 жыл бою аз-аздан алып бүтөт, же 878 миллион долларды дароо колуна алат.

"Жеңүүчү акыркы вариантты тандады. Бул АКШнын тарыхында джекпоттун жеңүүчүсүнө берилген эң ири сумма", — деп айтылат маалыматта.

Суусамырдын тургундарына лотерея сатып алдаган жубайлар кармалды
Маалым болгондой, жеңүүчү билет сатып алып жатканда артында турган бир кишини алдыга өткөргөн.

"Катардагы гана жакшы кадам аны укмуш ийгиликке алып келди", — дейт уюштуруучулар.

Лотереялык комиссиянын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Хоган Браун жеңүүчү салык катары 61 миллион доллар төлөй турганын билдирди.