Радио

Жээнчороев: атайын тапшырма күткөн соттор бар

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев сот тармагына бюджеттин эки пайызы түздөн-түз бөлүнөрүн маалымдады.
Sputnik
Жээнчороев: атайын тапшырма күткөн соттор бар

Сот бийлиги — көз карандысыз бийлик бутагы. Бирок айрым учурда атайын буйрук күтүп, тапшырма аткара турган фемида өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Мирлан Жээнчороев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сот системасы бийлик бутактары ортосунда тең салмактуулукту сактай турган принциптерге негизделиши керек.

"Кээ бир соттор эски адатына салып, буйрук түшпөсө деле буйрук, тапшырма күтүп отура берет. Президенттик аппарат, Жогорку Кеңеш же дагы бир жерден буйрутма түшсө, анда аны сот өкүлү ачык айтышы керек. Сот системасы өзү бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулукту кепилдеген принциптерге ээ болуусу шарт. Бул тармак начар каржыланып жатат дегенге дагы кошулбайм. Себеби тармакка бюджеттин эки пайызы бөлүнсө, эл аралык уюмдардан дагы көрсөтүлгөн колдоолор аз эмес. Сот реформасын ишке ашырууда саясий элитанын дагы эрки керек. 2016-жылы Сот системасындагы мыйзамсыз иштерди, акыйкатсыз чечимдерди алдын алуу үчүн дисциплинардык комиссия институту түзүлгөн", — деди Жээнчороев.

Ошондой эле эл өкүлү дисциплинардык комиссияга президенттик аппараттын, Жогорку Кеңештин жана жарандык коомдун өкүлдөрү мүчө экендигин кошумчалады.