Жети-Өгүздө дайынсыз болгон балыкчы жубайларды издөөгө суучулдар тартылды

Окуя 1-мартка караган түнү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жети-Өгүздө дайынсыз болгон балыкчы жубайларды издөөгө эми суучулдар да тартылып, алар Бишкектен жөнөп кетишти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жыл башынан бери 99 бала жоголгон. Алардын коркунучтуу оюн менен байланышы барбы
Эскерте кетсек, окуя 1-мартка караган түнү болгон. Кирпичный айылынын тургундары — 38 жаштагы Ю.Г жана 40 жаштагы Н.Р. балык уулоого чыгып, дайынсыз кеткен. Жубайлардын кайыгы 2-март күнү Дархан менен Саруу айылдарынын ортосундагы суудан табылган. Анын ичинде эч ким болгон эмес.

ӨКМ 3-март күнү издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери тартылганын айткан. Бирок андан эч майнап чыккан эмес.

Андан кийин Бишкектен беш суучул жөнөп кеткен.