Бишкекте бак кулап, таксисттин автоунаасын басып калды. Сүрөт

Окуя бүгүн, 3-мартта, саат 13.00дөр чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектин Бөкөнбаев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап астында турган Honda Fit унаасын басып калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон Максат Чакиев билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн саат 13.00дөр чамасында болгон. 

Бишкекте бак кулап, таксисттин автоунаасын басып калды. Сүрөт

"Бактын асты чирип калган окшойт. Катуу шамал болгон жок, турган жеринен эле кулап калыптыр. Айдоочусу жардам чакырганы кеткендей. Автоунаанын ээси такси айдап иштечү окшойт. Мен өтүп бара жатканда эч ким көрүнгөн жок", — деди Чакиев.

Бактыга жараша, кырсыктын кесепетинен адамдар жаракат алган эмес.